• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Туу айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры жана 1 гектар камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 1200 чарчы метр болгон сарай, 700 түк саман жана 6 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Зеленый айылындагы жолдун боюнда 11 даана чоң бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы МТФнын аймагында жыгач устундуу темир жабылган аянты 450 чарчы метр бастырма, 1500 түк чөп жана Мерседес спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 8 чарчы метр чатыры жана 2 тонна саман күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Партсъезд айылында жалпы аянты 110 чарчы метр болгон сарай жана 170 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында жол боюнда “Форд-Фокс” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Баткен шаарында ачык аянта 1 гектар куураган чөп жана 50 түп алма көчөттөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Завод көчөсүндөгү турак үйдүн 30 чарчы метр жыгач шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Пикир

Оставить комментарий