Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1349га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетин 130 жаран жуктурган. Ал эми күн мурун 8 бейтап ооруканадан чыгарылып, реаблитациялоо борборуна которулган.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 107 жаран айыкты. Каза болгондордун саны төрт адамды түзөт.
Пикир
Оставить комментарий