• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстанда кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу китеп даярдалууда

Коом 0

Ташкент, 10.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Илимдер академиясынын "Fan" басма үйү 2025-жылга пландаштырылган Борбор Азиянын көрүнүктүү тарыхый инсандарына арналган китептердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзбекстандын Илимдер академиясынын кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор Кахрамон Ражабов билдирди.

Анын баамында, дүйнөлүк процесстин азыркы өнүгүүсү Борбор Азия элдеринин тарыхын изилдөөдө ар бир тарыхый доордун өзгөчөлүгүн изилдөөгө багытталган цивилизациялык мамилени күн тартибине коюууда. Мындай жандашууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана элдеринин азыркы тарыхы адамзаттын өнүгүүсүн ар бир тарыхый доорунун артыкчылыктары жана кемчиликтери, адамзат маданиятында ээлеген орду адилеттүү түрдө чагылдырылат.

"Ушул контекстте Өзбекстандын илимпоздору 60тан ашык китептерди даярдап жатышат. Аларда Борбор Азиянын улуу тарыхый инсандарынын жалпы адамзаттык цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы ачылат. Алардын ичинен эки китеп кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, Фергана өрөөнүндөгү улуттук-боштондук күрөшүндө зор салым кошкон Жаныбек казынын жана аскер башчысы Мухиддинбектин (Мойдунбектин) тарыхый ролдору жаңыча көз караш менен ачып берилет", - деген ал китептердин жарыкка чыгышы кылымдар бою уланып келе жаткан тарыхы жана тагдыры бир өзбек-кыргыз достугун мындан ары да чыңдалышына олуттуу салым болот деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, профессор К. Ражабов отуз жылдан бери Фергана өрөөнүн тарыхын жана улуттук-боштондук аракетин изилдеп келет. Кыргызстандын тарыхчы окумушттуулары менен илимий жана тарыхчы кадрларды даярдоо алкагында тыгыз байланышта.

Пикир

Оставить комментарий