• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Өзбекстанда Мекенди коргоочулар күнү белгиленүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 14.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн, 14-январда Өзбекстанда Мекенди коргоочулар күнү жана Куралдуу күчтөрүнүн негизделгенинин 33 жылдыгы кеңири белгиленүүдө.

Буга байланыштуу өлкөдө майрамдык иш-чаралар , концерттер, көргөзмөлөр жана майрамдык жүрүштөр өтүүдө.

Президент Шавкат Мирзиёев аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди куттуктап, алардын жан аябас эмгеги, мамлекеттин тынчтыгын жана туруктуулугун коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда армияны модернизациялоонун, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында курман болгон баатырлардын эстеликтерине гүл коюу аземи болуп өттү. Ошондой эле жогорку кесипкөйлүк жана баатырдык көрсөткөн өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Байкоочулардын баамында, глобалдык чакырыктардын азыркы шартында Өзбекстан улуттук куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, алдыңкы технологияларды киргизүүгө, инфраструктураны модернизациялоого жана аскердик чөйрөдө эл аралык кызматташууга чоң көңүл бурууда.

Global Firepower интернет платформасын 2025-жылдын январында жарыяланган рейтинги боюнча Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү 145 өлкөнүн ичинен 58-орунда турат.

Эскерте кетсек, 1992-жылдын 14-январында Өзбекстандын парламенти өлкөнүн аймагында жайгашкан бардык бөлүктөрдү жана кошуундарды, аскердик окуу жайларды жана башка аскердик түзүлүштөрдү Өзбекстан Республикасынын карамагына өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий