• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 24-январга чейин узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. 9-январда Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын кышкы эс алуусу 24-январга чейин узартылганын билдирди.

Министрликтин маалыматында мындай чечим мектеп жетекчилеринин жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу жана сасык тумоонун жайылуусуна бөгөт коюу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Каникулду пайдалуу өткөрүү үчүн онлайн-сынактар уюштурулат.

Буга чейин Өзбекстанда кышкы эс алуу 11-январга чейин созулуп келген. 6-январда жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын, академиялык лицейлердин окуучуларынын эс алуусу да 24-январга чейин узартылганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий