• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын Өнөр жай министрлиги лицензияларды онлайн берүүгө киришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги жеке ишкерлер менен компаниялар иш үчүн онлайн уруксат ала турган вебсайтты ишке киргизди.

Ишкерлерден ijozatnoma.tj вебсайтына алгачкы өтүнмөлөр келе баштады. Маалыматка караганда, сегиз багыттагы ишмердүүлүк үчүн онлайн лицензия берилет. Алардын арасында алкоголдук продукцияларды, тамеки өнүмдөрүн же түстүү металлдарды сатуу же өндүрүү бар.

Министрлик эгер талап кылынган документтер туура толтурулса, ишкерлердин өтүнмөсү эки апта аралыгында каралып кабыл алынарын белгиледи. Өтүнмөлөрдү атайын комиссия текшерет.

Өнөр жай министрлигинин кызматкерлери вебсайттын ишинде айрым алешемдиктер бар экенин, аларды жоюу боюнча чаралар кабыл алынганын билдиришти.

Эл аралык каржы түзүмдөрү жана укук коргоо уюмдары Тажикстандын ишкердик чөйрөсүндө ачык-айкындуулуктун жоктугун жана коррупциянын гүлдөп өнүгүп жатканын сындап келишет. Дүйнөлүк банк бир нече жолу бизнести каттоону жеңилдетип, расмий адамдар менен түзмө-түз байланышты азайтууга шарт түзүп, жемкорлуккка алып бара турган жолдорду бөгөөгө чакырган.

Тажикстанда ар бир мамлекеттик түзүмдүн өзүнүн вебсайты бар, бирок алар толук кандуу иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий