• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 255 учур катталды. Жалпы 6755

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 6 миң 755 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 255 учур катталган. Ал эми 183 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.

Учурда өлкөдө 6 миң 755 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 560ы айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 2 миң 176 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 18инин абалы оор болсо, төртөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий