• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Прокурор Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.20 /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө өткөн.

Отурум учурунда прокурор Ибраимовду күнөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну суранды. Ошондой эле ал Кулматовду да күнөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну, 2 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну өтүндү.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий