• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстанда сырттан насыя алуунун чеги 7,3 млрд долларга чейин көбөйтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 06.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы 2025-жылкы мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамга сырттан карыз алуунун лимитин көбөйтүрүү тууралуу өзгөртүүлөрдү жактырды, деп билдирди Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы.

Документке ылайык, жыл башында мамлекеттин кепилдиги менен 5 млрд доллардан ашык каражат тартууга тыюу салынса, азыр бул чек 7,3 млрд долларга чейин көтөрүлдү. Мунун негизги себеби өкмөт чыгашаларды белгиленген программада аткара албай калган.

Депутаттар түзөтүүлөрдү бир добуштан колдоп беришти жана документ Сенатка өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, былтыр тышкы насыянын чеги 4,5 млрд доллардан 5,5 млрд долларга чейин көтөрүлгөн.

Байкоочулардын баамында, Өзбекстандын мамлекеттик карызы 2025-жылы 4,8 млрд долларга көбөйөт ($34,9 миллиарддан $39,7 миллиардга чейин). 2027-жылга карата мамлекеттик карыздын көлөмү 55,9 млрд долларга жетиши болжолдонууда. Бирок, анын көлөмү ИДПга карата 36,7%ды түзөт жана карыз орточо деңгээлде калат.

Пикир

Оставить комментарий