Өзбекстанда таштандыларды тазалоо ишканасы селсаяктарды жумушка алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Ташкентте Калдыктарды жүктөө жана жок кылуу ишканасы таштандыларды иретке келтирүү линиясына туруктуу жашаган жери жок 60 кишини жумушка алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар таштандыларды жүктөө станциясынын башчысы Рафаэль Бекмулинге шилтеме берүү менен билдиришти.

Долбоорду Eco World компаниясы демилгелеген. “Таштандыларды иргөө – Ташкент Ички иштер башкы башкармалагы, Ташкент администрациясы жана Мамлекеттик экология комитетинин колдоосундагы компаниянын жеке долбоору. Киреше табуу эмес, социалдык көйгөйлөрдү чечүү башкы максат болгон. Үй-жайсыз кишилерге паспорт жасап, аларды 500-600 сум (60-70 доллар) өлчөмүндө айлыгы бар иш менен камсыз кылышууда ” , – деди Рафаэль Бекмулин.

Таштандыларды иргөө линиясы суткасына 100 тонна акыр-чикирди өткөрө алат. Кытайлык компаниялардын жардамы менен 600 тонна таштандыны иштете алган дагы үч линия орнотулат.

Селсаяктар үчүн атайын павильон орнотулган, ичинде эки кабаттуу керебеттер, чайынуучу бөлмө, ашкана, медициналык жай бар. Бул жер газ менен жылытылат. Жакын арада кир жуучу машиналар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий