• 87
  • 89.63
  • 0.85

Өзбекстанда жеке адамдар банктарга 13,2 млрд доллар сатты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 05.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылдын январь-октябрь айларында банктардын жеке адамдар менен чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларынын жалпы көлөмү 20,9 млрд долларды түздү, деп билдирет Өзбекстандын Борбордук банкы.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде жеке адамдар 13,2 млрд доллар сатышкан, анын көлөмү 10 млрд долларга жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 32%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда жеке адамдардан чет өлкө валютасын сатып алуунун көлөмү 2%га өсүп, 7,7 млрд долларга жеткен (2023-жылы 7,6 млрд доллар).

Мындан улам жеке адамдардын валюталык операциялары боюнча пайда болгон оң сальдо (5,5 млрд доллар) Өзбекстандын ички базырында валюта сунушунун кошумча булагы болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий