• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстандын алтын-валюта кору 1,67 млрд долларга кыскарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.12.24. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкынын алтын-валюта резерви ноябрь айында 1,67 млрд долларга азайып, 41,5 млрд долларды түздү.

Республикалык Борбордук банктын маалыматына ылайык, чет элдик валюта резервдери 9,2 млрд доллардан 8,2 млрд долларга чейин азайган, бирок октябрь айында 8,7 млрд доллардан 9,2 млрд долларга көбөйгөн.

Мында алтындын запастарынын физикалык көлөмү 12,0 миллиондон 12,3 миллион троя унцийине чейин көбөйгөн. Бирок, алтын корунун наркы 33,4 млрд доллардан 32,7 млрд долларга чейин азайган.

Пикир

Оставить комментарий