• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстандын калкынын саны 33 млн. адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын калкынын саны 33,08 миллион адамды түзүп, жыл башынан бери 428,5 миң адамга же 1,3 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык калктын саны 16,73 миллион (калктын жалпы санынын 50,6 пайызы), айылдын калкынын саны 16,35 миллион (49,4 пайыз) адамды түзгөн.

Өзбекстандын калкынын жыштыгы 2018-жылдын 1-октябрына карата 1 чарчы чакырым жерге 73,7 адам туура келет (алдын ала алынган маалымат).

Пикир

Оставить комментарий