• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ДССУ: Түркмөнстан COVID-19 анализдеринин үлгүлөрүн жөнөтө элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Түркмөнстан бүгүнкү күнгө чейин COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган анализдердин үлгүлөрүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) лабораторияларына жөнөтө элек. Бул тууралуу уюмдун Европадагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Ханс Клюге билдирди.

Анын айтымында, ДССУнун башчысы Тедрос Гебреисус менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун онлайн-жолугушуусунда үлгүлөрдү топтоо үчүн биргелешкен команда түзүү боюнча сунуштама кабыл алынып, алар ДССУнун лабораторияларында каралары айтылган.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин биз бул маселе боюнча эч кандай жылышы көргөн жокпуз. Бирок буга карабастан Түркмөнстандын өкмөтү менен ачык диалог жүргүзүүнү улантаа беребиз», — деди Клюге.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. Ошол эле маалда өлкөдөгү базарлар, ири дүкөндөр жана мечиттер жабылган. Бардык аймактарда бийлик өкүлдөрү жарандарды көчөгө көп чыкпоого, беткап тагынып жүрүүгө чакырышууда.

2020-жылы июль айында Түркмөнстанга барган ДССУнун өкүлдөрү өлкө бийлигине «коронавирус бардай чара көрүүнү» сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий