Өзбекстандын Карши шаарында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Ташкент, 13.12.18. /Кабар/. Өзбекстандын Карши шаарында эне тилди жана адабиятты терең окутуу мектеп-интернатында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу “УзА” маалымат агенттиги кабарлайт.

Кашкадарьин облусунун жазуучулар бирикмесинин башчысы Уроз Хайдаровдун айтуусунда, Чыңгыз Айтматов түрк элдеринин улуу жазуучусу жана түрк дүйнөсүн жайылтууга чоң салымын кошкон. Ошондой эле өзүнүн жаңы адабий көз караштарына байланыштуу адабият дүйнөсүндө жаркын кадам калтырып кетти.

“Бүгүн баардык билим берүү мекемелеринде, махаляларда, уюмдарда жана ведомстволордо жазуучунун урматына арналган адабий кечелер өтүүдө. Жакында илимий-теоретикалык конференциянын өтүүсү пландалууда”, - деп кабарлады ал.

Аталган иш-чарада окуучулар толкундануу менен залкар жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу жана анын чыгармаларында камтылган идеялар тууралуу айтып беришти. Андан тышкары окуучулар “Кылым карыткан бир күн”, “Ак кеме” аттуу чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий