Өзбекстандын Кувасай шаарында "Кыргыз соода үйү" ачылууда

Аймак 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Өзбекстандын Кувасай шаарында “Кыргыз соода үйү” ачылууда. Буга байланыштуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү кызматташууга чакырат.

Аталган соода үйү президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө кол коюлган комплекстүү программага ("Жол картасы") ылайык ачылууда.

“Кыргыз соода үйүн” ачуу үчүн кыргыз ишкерлеринин атынан соода-экономикалык карым-катнашты жүргүзүүчү ишенимдүү өкүлү жана жайы аныкталды.

"Аянты 90 кв м болгон соода үйүнө өндүргөн продукциясын алып барып жайгаштыруу менен, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кызыкдар тараптар, бизге кайрылсаңыздар болот. Дарегибиз Баткен шаары, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм сектору. Байланыш номуру: 0777 830 141", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, имараттын ижара акысы акысыз.

Пикир

Оставить комментарий