• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Өзгөчө абал режими качан алынат? Өкмөттүн жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өзгөчө абал режими качан алынаары тууралуу айтып берди.

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынынын жүрүшүндө ал бардыгы кырдаалга жараша болоорун билдирди.

“Өзгөчө абал режими коронавирус илдетинин жайылуусу токтогон учурда алынат. Ошондой эле үй карантининде отурган жарандар жаңы адамдар менен байланышын токтотуусу зарыл”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кошумчалагандай, өзгөчө абал режимин алуунун критерийлеринин бири – COVID-19 жугузуп алган учурларды минималдаштыруу.

“Биз Кытайдын тажрыйбасын көрүп атабыз. Ал жакта өлкө боюнча 300 жаңы учур. Күндөн-күнгө төмөндөөдө. Эгер бизде дагы төмөндөп, жаңы учурлар аныкталбаса, анда ички жайылуу азаюуда деп эсептелинет”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий