• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

COVID-19. Бишкектеги троллейбустарда эрежелерди сактоо боюнча рейд өткөрүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын мобилдик тобу троллейбустарда санитардык эрежелерди сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерин улантууда.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 29-сентябрга карата эл көп чогулган аялдамаларда 130дай троллейбус текшерүүдөн өттү.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттун салонунда дезинфекциялоочу каражаттардын болушу жана беткап режиминин, аралыктын сакталышы текшерилди.

Белгилей кетсек, санитардык текшерүүнүн максаты - айыппул салуу эмес, шаардыктарга санитардык нормаларды сактоо зарылдыгын эскертүү.

Бишкек мэриясы жарандардан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий