• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Өзгөчө оор кылмыш иштерине айыпталган жарандар Кыргызстанга экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган жарандар Түркия жана Монголиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл тарабынан документтерди жасалмалоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө көз боемочулукка айыпталып жаткан эки жаран ийгиликтүү экстрадицияланды.

Экстрадициялангандардын бири, 1987-жылы туулган О.Ш. аттуу Украинанын жараны расмий документтерди жасалмалоого көмөктөшкөн деп айыпталууда. Аны экстрадициялоо Түркиянын Юстиция министрлигинин жана Интерполдун колдоосу менен ишке ашырылды.

Ошондой эле КР Башкы прокуратурасынын жана Интерполдун координацияланган иш-аракеттеринин жыйынтыгында алдамчылык боюнча айыпталган Кыргызстандын жараны Б.С. Монголиядан алынып келди.

Соттук териштирүү стадиясында КР мыйзамдарына ылайык аталган жарандарды издөөдө жана этапта тарткан процесстик чыгымдарды өндүрүү уюштурулат.

КР Башкы прокуратурасы кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий