• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүү чечими тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, буга дейре «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык комплекси “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болгон жана кандайдыр-бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген.

Эске салсак, орто кылымдардагы Өзгөн чалдыбары эң алгачкы жана башкаруучунун резиденциясы орун алган чептен (Орто-Коргон же Өзгөн-3) жана Кара-Дарыя суусунун түндүк жээгинде жайгашкан шаарлардын аймагын түзгөн үч шахристан (Өзгөн-1, 2, 4) турат. Шаар VII -VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханиддер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борбору болгон жана кийин XVI -кылымга чейин шаар катары турган.

Үч күмбөз, мунара жана үч шахристандын калдыктары сыяктуу Борбордук Азиянын тарыхынын жана маданиятынын уникалдуу эстеликтери жайгашкан “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун түзүлүшүнүн максаты - бул объектилерди келечек муундар үчүн сактоо жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Пикир

Оставить комментарий