Өзгөн районунда 150 орундуу орто мектептин жаңы имараты ачылды. Иш-чарага Акылбек Жапаров катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районунун 15 Жаш айылындагы Ж.Пиримкулов атындагы 150 орундуу орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров жергиликтүү элди жаңы мектептин ачылышы менен жылуу куттуктап, балдардын билим алуусу үчүн эми толук шарттар түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, 150 түтүн жашаган бул кичинекей айылга, борбор калаадагыдай бардык заманбап шарттары менен мектеп курулду.

“Ысык-муздак суусу ашканада, спорт залдын жанындагы душта да чыгат жана ашканасында муздаткыч, заманбап печкалар орнотулду. Эми концерт койгон чоң залыңар бар. Парталар жаңы, баары комплект болду”-деген Акылбек Жапаров андан аркы сөзүндө.

Мамлекет билим берүү тармагына толук кандуу шарттарды түзүп жатканын белгилеп, эми мугалимдер балдардын таланттын ачууга болгон аракетин жумшоосу керек деди. "Мектеп бул биз көрүп турган имарат эле эмес, мектеп деп кесипкөй мугалим менен таланттуу окуучу жолуккан жерди айтабыз", - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.

2023-жылы Кыргызстан боюнча 205 мектеп курулуп, жылдын аягына чейин анын 111 мектептин имараты бүткөрүлүп пайдаланууга берилээрин кошумчалаган Акылбек Жапаров өлкөдө болуп жаткан мындай жакшы саамалыктар туурасында: “Президент элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырууда. Ушундай президентти канча күттүк, эми колдоп-коргоп алууга аракет кылалы. Мамлекетке кирген ар бир тыйын кайра эле элге жумшалат: Пенсия, пособие, айлыктарды жыл сайын көтөрсөк деген ойлорубуз бар ”-деди Акылбек Жапаров.

Сөз соңунда ал, келечек ээлери болгон балдарга бата тилеп, калоо тилектерин айтты.

“Башкысы – балдарыбыз билимдүү болсун. Заман өзгөрдү, жер тегеренип алда канча алдыга кетти. Биздин балдар жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсо экен”, — деп өз сөзүн жыйынтыктаган Акылбек Жапаров, элеттиктерге мектепти бир жылда бүтүрүп берүү убадасы берилип ал так аткарылганын белгиледи.


Маалымат үчүн: Ж.Пиримкулов атындагы орто мектепти курууга республикалык бюджеттен 75 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий