Өзгөн районунда 150 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Он-Беш Жаш айылында Ж.Пиримкулов атындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

150 орунга ылайыкташкан объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Азыркы учурда окуу корпусунун, спорттук зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары 100% аткарылды

Объекттин жалпы аянты – 1281,8 м2

Пикир

Оставить комментарий