• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Өзгөндө диний окуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Өзгөн районунун Ак-Жар айылында «Молдошбай ажы» диний окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Кыргызтан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, диний окуу борборуна ДИМК тарабынан эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк тапшырылды.

Ачылыш аземине ДИМК ТАБнын өкүлү Азамат Таиров, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Өзгөн районунун баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Ак-Жар айылынын тургундары үчүн илим алуу мүмкүнчүлүгү дагы да артты. Айылыңыздарда ачылган жаңы диний окуу борборуна келип, илим алууну баштаңыздар. Илим алуунун эрте-кечи жок. Аксакал аталар да келип илим алууга аракет кылуусу керек», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий