• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жаңы жашоо! Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кичинекей кыргызстандыктарга акысыз операция жасалат

Ден соолук 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган кичинекей төрт кыргызстандыкка Түштүк Кореяда акысыз операция жасалат. Мындай жагымдуу жаңылык тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дарылануу "Гиль" клиникасында Кызыл жарым ай коому менен болгон эки тараптуу келишимдин алкагында жүргүзүлөт. Кичинекей бейтаптар кечээ, 13-ноябрда Кореяга учуп кетишкен.

“Бул акциянын максаты – тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган кичинекей кыргызстандыктарга жаңы жашоо тартуулоо. Дарыланууга Талас, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан төрт баланы узаттык. Бейтаптардын эң улуусу төрттө болсо, эң кичинеси 2 жашта. “Гиль” клиникасын Кыргызстанда Джо Джонг Вон тартуулап келет”, - деп билдиришти уюмдан.

Балдарды дарылоо, медициналык кызмат көрсөтүү, транспорт жана жашоого байланыштуу бардык чыгымдарды медициналык борбор өз мойнуна алат.

“КРнын Кызыл жарым ай коому операцияга муктаж болгон балдарды тандоодо активдүү катышты. Балдарды тандоодо үй-бүлөсүнүн социалдык абалы эске алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий