Жайында терини күндөн кантип сактоо керек? Адистен маанилүү кеңештер

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Адамдар жайды чыдамсыздык менен күтүп, жылуу күндөрдө эс алууну каалашат. Албетте, мында күндүн ден соолук үчүн көп пайдасы бар. Бирок баары ченеми менен болушу керек.

Күн нурларынын зыяны кандай жана ультрафиолет нурлануусунан кантип сактануу керек? Бул тууралуу дерматовенерологдордун тизмектеген бир катар пайдалуу кеңештерин сунуштайбыз.

Ден соолук үчүн күн эмнеси менен пайдалуу?

  • Ар бир адамга күнүнө 15 мүнөткө жакын ультрафиолет нурларынын таасири керек. Анын аркасы менен организмдеги көптөгөн маанилүү процесстерге катышкан териде D витамини пайда болот;
  • Күн кубаныч гормонун, серотонинди бөлүп чыгарууга жардам берет. Бул адамдын маанайын көтөрүп, эмгекти жакшыртып жана жалпы жашоого болгон кызыгуусун арттырат.

Күндүн ден соолукка кандай зыяны бар?

Ошол эле УФ-нурларынын жарым-жартылай айыктыруучу пайдасы бар деп айтылганы менен, терс таасири да жок эмес. Ультрафиолет нурлануусу теринин бузулушунун негизги себеби болуп саналат. Анын нурлары теринин катмарларына тереңирээк киргенде ден соолукка олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Терини коргоо жөнүндө ойлонууга түрткү берген себептер:

  • Эгерде териге күндүн күчтүү нурлары тийсе, ал күйүп кетиши мүмкүн. Алар териге катуу зыян келтирип, коркунуч туудуруп, кызарып, оорутуп, ал тургай ыйлаакчаларды пайда кылат;
  • Ультрафиолет нурлануусу теринин эрте картаюусуна алып келип, бырыш, тактарды жаратат. Теринин бекемдигин жоготот. Бул теридеги коллаген менен эластиндин бузулушуна байланыштуу болот.
  • Кээ бир адамдардын күн нуруна аллергиясы бар, натыйжада териде кычышуу, кызаруу, исиркектер чыгышы ыктымал.
  • Тери ультрафиолет нурларынан туура корголбогон учурларда теринин рагына алып келиши мүмкүн.Теринин рак оорусунун ыктымалдыгы тукум куучулук, солярийде же күнгө үзгүлтүксүз күйүү менен көбөйөт. Алгачкы эле шектүү симптомдор пайда болгондо, дарыгерге дароо кайрылуу керек.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, тери рагы 4-стадиясында аныкталганда өлүм ыктымалдыгы 90% түзөт.

Терини кантип коргоо керек?

  • Күндөн коргоочу кремдерди сөзсүз колдонуңуз. Сыртка чыгаардын алдында териңизге күндөн коргоочу кремди сүйкөңүз. УФ-нурларынан да коргой турган продуктуну тандаңыз. Адистердин пикиринде, оптималдуу коргоо деңгээли, адатта, SPF 30 же андан жогору. Кремди бардык ачык териге, анын ичинде бетке, моюнга, колдорго жана буттарга сүйкөнү унутпаңыз. Ар бир 2 саат сайын жаңыртып сүйкөп туруңуз;
  • Кийим-кечеңизге көңүл буруңуз. Кийим тандоодо жеңи узун, шымы бар жеңил кездемелерге артыкчылык берүү керек. Алар териге күндүн түздөн-түз тийүүсүн алдын алууга жардам берет;
  • Баш кийимиңизди унутпаңыз. Алар бетиңизди, моюнуңузду жана кулагыңызды күндүн тике тийген нурларынан коргоп турат;
  • Ультрафиолет нурларынан коргоочу көз айнекти тагыныңыз. Алар көздү жана алардын айланасын күндүн зыяндуу таасиринен сактайт, ошондой эле бырыштарды алдын алуу үчүн жакшы жардамы тийет;
  • Күн чаңкайып тийген маалда сыртка чыкпаңыз. Саат 10:00дөн 16:00гө чейин күндүн нурларынан сактанганга аракет кылыңыз;
  • Эгерде сиз ачык жерде болсоңуз, өзгөчө күн нурунун эң чокусу болгон учурда көлөкөдөгү жерди тандаңыз. Көлөкө териге жеткен УФ-нурларынын санын азайтат;
  • Пляжда жана суулардын жанында сак болуңуз. Суу жана кум күндүн нурларын чагылдырып, УФ-нурлануунун териге таасирин күчөтөт. Жогоруда айтылган коргоо каражаттарын жана эрежелерди колдонуңуз;
  • Теринин абалына кам көрүүнү унутпаңыз. Анын дайыма өңүнө көңүл буруңуз, жаңы пайда болгон сөөл же калдарга маани бериңиз. Эгер кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкасаңыз, текшерилүү үчүн дерматологго кайрылганыңыз оң.

Бул кадамдар терини күндүн таасиринен натыйжалуу коргоого жана тери ооруларына кабылуу коркунучун азайтат дешет адистер.

Пикир

Оставить комментарий