• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында мектептерге 200гө жакын мугалим жетишпейт. Бош орундардын тизмеси

Аймак 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде.

Мектептердеги бош орундардын тизмеси:

1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).

2. Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде окуткан мектептерде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектептерде.

3. Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектептерге жана 1 адис өзбек тилдүү мектептерге.

4. Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.

5. География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.

6. Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.

Пикир

Оставить комментарий