Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Жакында Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод" мамлекеттик ишканасынын базасында машина-трактордук стация ачылат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда мамлекеттик ишкана тарабынан "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААК аркылуу лизингге келишимдик негизинде кытайдан чыккан SINOMACH 1504 үлгүсүндөгү 5 жана SINOMACH 1054 үлгүсүндөгү 4 трактор сатып алды.
Мындан сырткары, аталган ишкана тарабынан кошумча 34 даана техника алуу үчүн лизинг компаниясына билдирүү берилген.
Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкөдө жалпы 169 машина-трактордук станция иштеп жатат.
Пикир
Оставить комментарий