• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жалаң муктаждар экенбиз. Үйлүү болгонума ишене албай турам - Эркингүл Исаканова

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Саналуу күн мурда Мамлекеттик ипотекалык компания курган Бишкек шаарындагы Константин Скрябин көчөсүндөгү 7 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, ири долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын белгиледи.

Өлкө башчысы мамлекеттик ипотека менен үй алуу процесси толугу менен санариптештирилгенин, кезекке тургандарды “жакын тааныштары аркылуу” алдыга жылдыруу же башка жолдор менен кезегин эртелетүү мүмкүн эместигин айтты. Анткени система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт.

Бул ирет “Кабар” агенттиги ак өргөлүү болгондордун арасынан Эркингүл Исаканова менен маектешип, кубанычын тең бөлүштү.

Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну Эркингүл Исаканова кесиби боюнча музыка мугалими. Буга чейин 3 жылдай мектепте окуучуларга сабак берип эмгектенген. 4 жылдан ашык убакыттан бери жеке компаниялардын биринде иштеп жатат. Үй-бүлөлүү, 7 жана 8 жаштагы уулдарын тарбиялап келет.


Эркингүл Исаканова төрт жарым жыл мурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайлуу болууну тилек кылып, кезекке турганын айтат.

“Ачкычты колубузга алып, үйлүү болгонубузга аябай сүйүнүп жатабыз, бизге күтүүсүздөн эле жагымдуу кабарды айтышты. Мен кезегим келип калдыбы деп дайыма Мамлекеттик ипотекалык компанияга барып, консультация алып, кээде сурап-байланышып турчумун. Кезегим жакындап калганын айтышкан. Скрябин көчөсүндөгү турак жайдан батир алам деп ойлогон эмесмин, мага бул район абдан жагат жана жумушума да жакын. Үйүбүз 11-кабатта экен. Кирип келгенде эле үйдүн аурасы аябай жагымдуу болду. Ичи толук ремонттолуп бүтүптүр, белек катары газ плитасы да орнотулган экен. Эми кирип эле жашашыбыз керек. Ушул жумада балдарым менен көчүп барам. Буга чейин ижарага алган батирде, ата-энемдикинде жашадык. Минтип көптөн күткөн үйүбүзгө жеттик”, - деди ал.

Анын айтымында, таң эрте жумушка баруу үчүн Ала-Тоо конушунан баштап Дордой базары тарапка чейин эки саат убактысы эле жолго кетчү. Ак өргөлүү болушу менен эми ал бул кыйынчылыктары артта калганын, балдарынын окуусуна да ыңгайлуулук жаралганын белгиледи.

Каарманыбыз эки бөлмөлүү батирин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм” турак жай программасынын алкагында “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу “Арзан ипотека” багыты боюнча 25 жылга алды. Ал мында алгачкы төлөм төлөнбөгөнү мамлекет тарабынан чоң колдоо болду деп эсептейт.

“Батирибизди ипотекага 8 пайыз менен 25 жылга алдык. Өмүр бою батирлеп жашабай, мындан ары акча каражатыбызды өз үйүбүз үчүн төлөйбүз. Баштапкы төлөм төлөгөн жокмун. Бул да болсо бизге окшогон жарандар үчүн мамлекеттин чоң колдоосу деп эсептейм. Туруктуу иштеген жумушу барлар үйлүү болууну кааласа, ипотека аркылуу үй алууну сунуштайм. Биринчиден, ишениш керек. Экинчиден, чыдамсыздык менен кезегин күтүү керек”, - дейт Эркингүл Исаканова.

Ошондой эле ал жаңы кошуналары менен таанышканын, алардын арасында социалдык жактан колдоого муктаж жарандар көп экенин билдирди.

“Биз менен чогуу үй алгандардын ичинде жалгыз бой энелер, батирлеп жүрүшкөн үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар экен. Бардыгыбыз карап көрсөк, чыныгы үйгө муктаждардын катарында болчу экенбиз”, - деди ал.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 41 миң адам турак жай алуу үчүн кезекте турат. Алардын ичинде социалдык ипотека боюнча 4 625 жаран, жеңилдетилген ипотека аркылуу 23 141 адам, арзан ипотека багыты менен 7 692 киши кезегин күтүүдө жана үлүштүк курулуш боюнча 5 549 жаран бар.

“Жеңилдетилген ипотека” мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде эмгектенген жарандар үчүн жылдык 4% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет. Ал эми “Социалдык ипотека” көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде эмгектенген жаш адистерге, жалгыз бой энелерге жылдык 4% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет. “Арзан ипотека” ишмердигинин чөйрөсүнө карабастан эмгектенген жарандар үчүн жылдык 8% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет. Үлүштүк курулуш аркылуу бардык жарандар турак жайдын наркынан 50%дан кем эмес каражат төлөгөн учурда ипотека 8% менен 15 жылга чейин берилет.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу максатын көздөп жатат.

Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий