• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жалал-Абад – Благовещенко унаа жолунун 2,8 чакырым аралыгы асфальтталат

Аймак 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад – Благовещенко унаа жолунун 2,8 чакырым аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жолдун Сузак районуна караган 0-1,4-чакырым аралыгында эски асфальтты сыйруу жумуштары жүрүүдө. Алдыда аталган тилкеге эки катмарлуу асфальт басылат.

Ошондой эле жолдун эки тарабына тротуар курулуп, лотокторду орнотуу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Ал эми жолдун 1,4-2,8-чакырымдар аралыгында эски асфальттын үстүнө туурасы 9 метрди түзгөн асфальт төшөлөт.

Жалал-Абад жергесине жасаган иш сапарынын жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жаңы асфальт төшөө жумуштарын бир жума аралыгында бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал Базар-Коргон – Бешик-Жон жолунда жүрүп жаткан кеңейтүү иштерин көрүп, жумуштарды 28-августка чейин жыйынтыктоо талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий