Жалал-Абад: Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий