• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо жергиликтүү тургун суу түтүктөрүн уурдоого шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Каракол шаарында жергиликтүү тургун суу түтүктөрүн уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, Каракол шаардык ички ичтер бөлүмүнө «Водоканал» ишканасынан билдирүү түшүп, анда белгисиз адамдар суу түтүктөрүн уурдап кетишкенин жана ишканага 34 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкени маалымдалган.

Аталган билдирүү шаардык милициянын КБРне катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныкташты. Ал Пристань-Пржевальск айылчасынын 35 жаштагы тургуну А.С. болуп чыкты жана алгачкы жүргүзүлгөн суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий