• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жалал-Абад: Кар көчкүдө калгандарды издөөгө 74 куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган жарандарды издөөгө 74 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын чек-ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМдин ЖКККББдан 4 кызматкер, туугандарынан 4 адам жеринде иш алып барууда.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине барып, бир катар тапшырмалар койгон, азыркы учурда издөө жана жолду тазалоо иши күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

24-февралда кар астынан "Пикап" үлгүсүндөгү унаасы табылып, тилекке каршы ичинде адам табылган эмес.

"Белгилүү болгондй, курулуп жаткан альтернативдик унаа жолго 17-майда, 8 ирет чоң көлөмдөгү кар көчкү түшкөндүктөн, кардын массасы ныкталып калган. Бул өз кезегинде куткаруучулар үчүн кыйла оорчулук жаратууда. Ошондой эле түшкөн карды каза келгенде анын тереңдиги 40-60 метрге чейин жетүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кар көчкү астында калган жарандарды издөө жана куткаруу ишин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов күнү-түнү жүрүү менен жетектөөдө.

Эске салсак, 14-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Көчкү аталган аймакта жол куруу ишин жүргүзгөн кытайдын "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин башкарып жаткан техникасы менен кошо басып калган.

Пикир

Оставить комментарий