Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов, төраганын орун басарларынын милдетин аткаруучулар Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадыровалар катышты.
Кеңешмеде райондук жана шаардык сотторунун төрагалары тарабынан биринчи инстанция сотторунда 2021-жыл ичинде каралган иштери боюнча маалыматтар берилди.
Андан соң облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.
Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.
Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Бактыбек Султанканов райондук жана шаардык соттор тарабынан жазык, жорук жана бузуулар жөнүндөгү иштер жана жазык сот өндүрүшүндөгү соттук материалдар биригип жалпы 1 741 иш келип түшүп, 1 524 иш толугу менен каралып бүткөн, ал эми апелляциялык инстацияда жалпы 466 иш келип түшүп, 357 иш толугу менен каралган.
Жалал-Абад облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Бакыт Калыковдун берген маалыматы боюнча, 2021-жылы биринчи инстанция сотторуна 12 миң 515 жарандык жана экономикалык иш келип түшүп, 9 миң 736 иш толугу менен каралган. Ошондой эле 837 соттук материалдар каралган.
Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте 839 жарандык жана экономикалык иш келип түшүп, 549 иш толугу менен каралган, 168 соттук материал келип түшүп, 119 соттук материал каралган.
Жалал-Абад облустук сотунун административдик иштер боюнча төраганын орун басары Токтосун уулу Каныбек 2021-жылдын Жалал-Абад облусунун административдик сотуна 572 административдик иш келип түшүп андан 432 иш толугу менен каралган, мындан тышкары 36 соттук материалдар келип түшүп, 32 соттук материал каралган, ал эми апелляциялык инстацияда 392 административдик иш апелляциялык тартипте даттанылып, андан 259 иш каралган, ошондой эле соттук материалдардан 13 материал келип түшүп, 5 административдик иштер боюнча соттук материал каралган.
Ошондой эле Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемиров 2021-жылы аткарылган иштер жана жергиликтүү сотторду материалдык жана техникалык камсыздоо жөнүндө маалымат берди.
Кеңешменин аягында, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, ишти кароонун сапатын жакшыртууга, орун алган кемчиликтерди кайталабоого, мыйзамдардын талаптарын аткарууга, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу менен бирге иштерди кароонун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоону жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.
Пикир
Оставить комментарий