• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Сузак районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ленин айыл аймагында кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйграмы укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев учурда иштелбей турган №36 кесиптик лицейдин жатакансынын имаратын көрүп чыкты.

"Аталган жай буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен иштейлбей келген. Облус башчысы мекемени натыйжалуу пайдалануу максатында тез аранын ичинде "алкты тейлөө борбору катары уюштуруу тапшырмасын берди. Буга чейин райондун Сузак айылында иштеп жаткан тейлөө борборуна кайрылгандар көп болгондуктан кошумча имаратка муктаждык жаралган", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Ленин айылында тейлөө борбору ачылса ройондун жети айылындагы 90 миңге жакын калкка ыкчам кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Пикир

Оставить комментарий