Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Мамлекет тарабынан Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Түз эфирде ага Майлуу-Суу шаарынын тургуну суроо берип, мүмкүнчүлүгү чектелген уулу менен турарын, жалгыз бой эне экенин айтып, аларга жардам болобу деп кайрылды.
"Мамлекет тарабынан Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам берилген. Анын 2 миң тоннасы Майлуу-Суу шаарына берилди. Ал жардам колунда жок адамдар үчүн бөлүнгөн. Андан тышкары жергиликтүү бюджеттен да жардам каралышы керек. Бул маселени карап, эгер Майлуу-Сууда жардамга муктаждар көп болсо облустук деңгээлде көмөк кылууга аракет кылабыз" - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Пикир
Оставить комментарий