• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда “Жүргүнчүлөрдү ташуу” рейди жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирма жана ишканаларды текшерүүдө.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлор негизинен автотранспорт каражаттарын толук техникалык кароодон өткөрүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча келишимдердин жана алардын каттамдарына паспорттордун болушуна көңүл бурушту. Ошентип, рейддин алкагында 1-5-декабрь аралыгында милиция кызматкерлери тарабынан, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген 6 ишкана текшерилди.

Жыйынтыгында 10 айдоочуга протоколдор түзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренеси ("Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу") менен ар бирине 1000 сомдон айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий