Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы тынымсыз алдын алуу иштерин жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтсак, Сузак районунун ички иштер бөлүмү тарабынан "Өспүрүм-түн" иш-чарасы өткөрүлүп, кечинде себепсиз көчөдө жүргөн балдар текшерүүгө алынды. Рейддин жүрүшүндө 15 баланын үстүнөн комиссияга материал жөнөтүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин ("Ата-энелик милдеттерден качуу") негизинде 13 баланын ата-энесине протокол толтурулду.

Мындан сырткары, Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон жана Аксы районунда милиция тарабынан "Антирекет" иш-чарасы өткөрүлдү. Анда мектеп окуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, жогорку класстардын балдарына кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилди. Өзгөчө кыздарга зомбулуктун курмандыгы болуп калбаш үчүн сак болуу керектиги айтылды.

Ал эми Чаткалдагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык мектебинде "Кылмыштуулуктун алдын алуу" аттуу марафон уюштурулду. Анда жогорку класстардын окуучулары 3 км аралыкка жүгүрүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий