• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу эки үйдүн электр жарыгы менен суусу өчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу эки үйдүн электр жарыгы менен суусу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин, 103 жана Ленинабад, 8 дарегиндеги эки объект “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузган.

Ошондой эле муниципалдык жер тилкелерине курулуп жаткан үйлөрдүн тосмолорун орнотуунун мыйзамдуулугун тактоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Иш-чаралар бардык тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин жана адистеринин катышуусунда өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий