• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Алмаз Исанов: Гендердик облигацияларды чыгаруу долбоору социалдык багытты камтыйт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов "Кыргыз Республикасындагы биринчи социалдык (гендердик) облигацияларды чыгаруу" темасындагы тегерек столдун ишине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тегерек столдун жүрүшүндө социалдык (гендердик) облигацияларды чыгарууда эмитент катары чыккан "Азия Банкы" жабык акционердик коомунун өкүлдөрү гендердик облигациялар долбоору өндүрүш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттерди берүү аркылуу ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, аялдардын жыргалчылыгын жана жашоосун жакшыртууга, гендердик теңсиздикти төмөндөтүүгө багытталгандыгын билдиришти.

Аталган долбоордун социалдык багытын эске алуу менен Алмаз Исанов бул долбоорду колдоорун билдирип, бардык катышуучуларды жоопкерчиликтүү инвестор катары аны ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

КР Экономикалык саясатты изилдөө институту тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Пикир

Оставить комментарий