• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда 100 миң сом акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда 100 миң сом акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-январында милицияга 44 жаштагы Аксы районунун тургуну арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 19-январынан тартып өзүнө тааныш болгон "Бопу" аттуу бала абакта отуруп алып, бейтааныш болгон 4 баланы үйүнө жиберип, өмүрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирген зомбулуктарды көрсөтөмүн деп коркутуп, 100 миң сом акча каражатын бересиң деп опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде КБРге катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Таш-Көмүр шаарынын 1989-жылы туулган Л.А., жана Аксы районунун 1989-жылы туулган К.А., аттуу тургундары.

Облустук милициянын билдирүүсүнө караганда шектүүлөрдүн бири, тактап айтканда, Л.А., мурда бир нече жолу соттолгон, кармалгандар 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Алар Аксы районунун аймагында жабырлануучудан 43 миң сом накталай акчаны опузалап талап кылып жаткан жеринен колго түшкөн. Шектүүлөргө өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан атайын белги коюлган акча каражаттары табылып алынган. Азыркы учурда аталган кылмыш иш боюнча шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктерин тактоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий