• 87
  • 89.77
  • 0.79

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 16:37де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Жетиген айылынан түштүк-батышка карай 18 чакырым, Кетмен-Төбө айылынан түштүккө карай 25 чакырым, Токтогул шаарынан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым аралыкта жайгашып, Жетиген жана Көсө-Терек айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий