• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жалал-Абад облусунун башчысы Казакстандын элчиси менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын бекемделиши, анын алкагында Жалал-Абад облусунун стратегиялык мааниси тууралуу пикир алмашты.

Ошондой эле облус аймагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар бир катар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун экономикалык дараметин арттыруудагы натыйжалуу инвестициялык пландарды колдоого алаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий