Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөр алдында турат. Саммиттин темасы - Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү жана санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук. Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммитинин максаты, анда кабыл алына турган документтер жана макулдашуулар тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев "Биринчи радиого" маек куруп, кенен айтып берди.
— Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгү, алдыдагы саммиттин мазмуну кандай жана анда эмне маселелер каралат?
— Кезектеги XI саммит өткөнү турат. Кыргызстан түрк мамлекеттер уюмун түптөчүлөрдүн бири. Бул уюмдун түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Биз эгемендүүлүк алган жылдардан кийин Түрк уюмун түзүүгө аракеттер тынымсыз көрүлүп келген. Жыйынтыгында 2009-жылы Нахчиванда биринчи саммит өтүп, мына ошол саммитте 4 мамлекет Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия уюмга мүчө болгон. Кийинчерээк, 2020-жылы Өзбекстан мүчө болуп кирген. Азыр ага мүчө мамлекеттердин саны бешти түзөт. Келишимде алфавитке жараша, кезек менен уюмга мүчө мамлекеттерде жыл сайын саммит өтүп турат деген пункт бар. Былтыр Астанада өткөн.
Алгач Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. 2021-жылы Стамбулда өткөн саммиттин жыйынтыгы менен Түрк мамлекеттер уюму деп аталышы өзгөртүлгөн. Уюмдун максаты – түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы мамилени жакшыртуу болгон. Алардын ичинен өзгөчө экономикага басым жасалган. Бул уюм кеңеш деген макамдан, эл аралык уюм деген макамга айлануу менен маани-маңызын да өзгөрттү. 2015-жылга чейин башчылар жоолугуп же бир жылда бир отурум өтүп келсе, 2015-жылдан бери чечимдердин аткарылышы көзөмөлдөнүп, 2022-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында 42 жолугушуу, жыйын, анын ичинде саммиттер өтсө, былтыркы жылы 158, быйылкы 10 айдын ичинде 168 жолугушуу болду. Азыр 35тен ашык тармакта иш алып барып жатат.
— Алдыда өтө турган саммитте кандай маселелер каралат?
— Бишкек декларациясы каралат, анын ичинде ар кайсы багыттагы 100дөн ашык чечимдер бар. Саммитте конкреттүү иш-чаралар пландалып, алардын аткарылышы боюнча пункттар каралат. Декларацияга мына ушундай 110дон ашык документтер кирип, алардын аткарылышы көзөмөлдөнөт. Ошондой эле Кыргызстан демилгелеген, түрк жашыл көз карашы, туруктуу келечек үчүн биримдик деген концептуалдык деген документ кабыл алынат. Аны менен катар Бишкек түрк дүйнөсүнүн борбору деп аталат деген чечим кабыл алынат. Буга баары макулдугун билдиришти. Акыркы убакта Кыргызстан санарип жагынан өтө чоң иштерди жасады. Мен муну кыргызстандык дипломат болгонум үчүн эмес, эл аралык уюмдун башчысы катары, башка тараптардын айтуусу боюнча белгилеп кетким келет. Өзүңүздөр билгендей, 2 жыл мурда Түркияда болгон жер титирөөдөн соң биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу иштерине катышуу менен уюм арасында кызматташтык түзүү каралган. Учурда бул документ дагы жыйынтыкталып калды. Бул боюнча дагы макулдашуу кабыл алынат. «Баары үчүн коопсуздук» деген темага ушул документ дагы кирет. Жер титирөө, суу ташкындоо жана башка жаратылыш кырсыктарында бири-бирибизге тез жардам берүүгө багытталган механизм.
— Кыргызстан уюмдун катарында активдүүлүгү кандай болууда?
— Бүгүнкү күндө саммиттин Кыргызстанда өтүп жатканы жана анын темасы эле Кыргызстандын жана мамлекет жетекчилеринин түрк дүйнөсүнө болгон көз карашын айгинелейт. Ошондой эле саммитте транспорт жана логистика тармагы, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу жана туризм тармагы боюнча да иш алып барылат. Эмки жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болуп жарыяланды. Бул эски Жибек жолунун алкагында кабыл алынды. Бул чечим жаратылыш же бүгүнкү өзгөрүүлөргө карата эмес, тарыхый жана диний жактан да маанилүүлүгү менен кабыл алынды. Себеби Жалал-Абад Өзбекстандагы Самарканд, Бухара шаарларынан кийинки тарыхый жерлер бар чөлкөм. Мына ушуларды эске алуу менен кабыл алынган чечим болду.
— Бул уюмдун башка эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып баруусу кандай болот?
— Жакында эле Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында тышкы иштер министрлери катышкан жыйын өткөрдүк. Анда, Араб лигалары, Африка союзу, Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ сыяктуу уюмдар менен өз ара кызматташуу боюнча келишим түздүк.
— Кыргызстан түрк тилдүү элдердин биримдигинин алкагында маданий рухий мурас, дүйнө жүзүндө орун алган санкция сыяктуу тоскоолдуктардан чыгып кетүүгө уюмдун мааниси кандай?
— Дүйнөдөгү конфликт, согуш, чыр-чатактар болгон өлкөлөрдүн кесепеттери бизге да сөзсүз тийип жатат. Бир эле жакты карап отура бербей, азыркы заманда альтернативдүү вариант болушу керек. Түрк десе эле Түркияны элестетпей, түрк тилдүү мамлекеттер деп кабыл алышыбыз керек. Кыргызстанга Түркиянын президенти мамлекеттик расмий сапары менен келди. Түркия дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин ичинде. Экономикасы күчтүү 20 мамлекеттин ичине кирет. Бул сапардын мааниси зор, натыйжалуу иш сапар болот деп ишенем. Анын алкагында көптөгөн келишимдер кабыл алынат деп ойлойм. Анын ар бир мамлекеттик сапарынын артында жакшы чечимдер турат.
— Түрк мамлекеттер уюму алдына кандай стратегиялык максаттарды койду?
— Уюмдун келечеги чоң. Алып барып жаткан иш-аракеттери аны далилдеп турат. Дүйнөдөгү мамлекеттер биз менен эсептешип жатышат. Биздин катчылыктын кеңсеси Стамбулда жайгашкандыктан, эл аралык уюмдар биз менен алака түзөбүз деп келишет. Түрк мамлекеттер уюмуна кирген мамлекеттердин элинин саны 170 миллиондон ашык. ИДПсын бириктирсе дүйнө жүзү боюнча 13-орунду ээлейт. Мына ошолорду өнүктүрүү үчүн биргелешкен чечимдер кабыл алынуусу керек. Акыркы убакта жашыл экономика, жашыл каржынын аркасында, космостук ишмердүүлүк боюнча иш алып барылууда. Казакстан, Азербайжандын спутниктери бар, Кыргызстан менен Өзбекстандыкы жок. Алдыңкы саммитте кол коюлат деп турабыз. Бул менен биз аба ырайын билүү, жаратылыш кырсыктарынын алдын ала айтуу, байланыш боюнча чогуу спутник жасоо үчүн чогуу иш жасайлы деп деген максаттарыбыз бар.
— Уюмдун катары дагы кеңейиши мүмкүнбү?
— Стамбул саммитинде түрк мамлекеттер уюмуна мүчө боло турган мамлекеттер түрк тилдүү болуш керек деген талап коюлган. Ар кандай башка механизмдер бар, мисалы, шериктеш өлкө катары кирсе болот. Сөзсүз эле мүчө болбой, кызматташтык мамлекет болсо болот.
— Саммитке уюмга мүчө өлкөлөр гана катышабы?
— Байкоочу өлкөлөрдөн дагы мүчөлөр катышат. Бирок чечимди мүчө өлкөлөр гана кабыл алат. Бүрсүгүнү өтө турган саммиттен кийин дароо кийинки жылкы саммитке чейин Кыргызстан уюмга төрагалык кылууга өтөт. Бишкек декларациясы, келишимдер жана чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөп мониторинг жасоо биздин ишибиз болот. Андан сырткары, Борбордук банктардын кеңешин түзүү дагы демилгеленген.
— Биздин өлкөнүн соңку жылдарда тышкы саясатты жүргүзүшү, түрк мамлекеттер уюмундагы активдүүлүгү уюмдун ичинде Кыргызстандын имиджин жогорулатууга таасир этсе керек?
— Бул дагы аябай чоң индикатор. Эки күндүн ичинде дүйнө лидерлеринин расмий сапары, анын ичинде Түркия менен Венгриянын башчылары келе жатат. Бул жагынан алганда ар бир адамга эле түшүнүктүү жана президент Садыр Жапаров кандай тышкы саясат жүргүзүп жатканы жалпы коомго белгилүү. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында Садыр Жапаров сөз сүйлөп, климат, каражат тууралуу маселелерди сунуш кылды. Анда бардык катышуучулар маани берип көз салып турушту. Бул мамлекет ичинде гана эмес дүйнөдөгү актуалдуу маселелер.
Материалды даярдаган Диана Айдарова
Пикир
Оставить комментарий