Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 170 балага акысыз оюн-зоок уюштурулуп, таттуулар берилди.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаардагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган 170 бала "Жеңиш" эс алуу паркындагы аттракциондордо акысыз ойноп, эс алышты жана балмуздактар таратылды.
Мындан сырткары, демөөрчүлөр тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык дасторкон жайылып, белектер тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий