• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жалал-Абад шаарында белгилүү блогер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Айка Мусаева" аталган белгилүү блогер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январда Жалал-Абад шаарында атайын кызмат тарабынан Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү иш алып барган "Айка Мусаева" аттуу белгилүү блогер С.А.М. кармалды.

Келип түшкөн арыздардын негизинде жүргүзүлгөн иштердин алкагында кармалган адам Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталды.

Кээ бир учурларда Айка Мусаева аттуу жаран УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.

"Айка Мусаеванын" бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.

"Бул ишке байланыштуу "Айка Мусаеванын" ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына же 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий