• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараны Жалал-Абад мэриясы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте уюштурду.

Жарманкеде 300дөн ашуун бош жумуш орундары сунушталып, жумуш издеген жарандарга маалыматтар берилди.

Жарманкенин максаты - окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Иш-чаранын соңунда көмөк көрсөткөн бир катар мекеме-ишканаларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий