• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинде "Кыргыз тилим - эне тилим тарыхым, сенсиң менин түбөлүктүү байлыгым" аталышында майрамдык салтанат өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Анда мектеп окуучулары тарабынан тил күнүнө арналган сахналаштырылган көрүнүштөр чагылдырылып, таланттуу окуучулардын ыр-бийлери жаңырды. Мындан сырткары, улуттук тамак-аштардын түрлөрү коюлуп, анын муундан - муунга өтүп келе жаткан баалуулугу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий