• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарында мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери окутуудан өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы "Ханнс Зайдель" фондунун колдоосу менен “Мамлекеттик тилге маанилүү камкордук” аталышындагы окутуу өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окутуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү максатын көздөйт.

Окутууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Аталган окутуу "Ханнс Зайдель" фондунун колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова тарабынан уюштурулуп, 17-марттан 28-мартка чейин жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий