• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Базарбаев: Баткенде жарандарга жөлөкпулдарды берүү үзгүлтүккө учурабайт

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде жарандарга жөлөкпулдарды берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 11-августуна карата Баткенде мамлекеттик жөлөкпулду 52 миң 900 адам алат.

“Анын ичинен “үй-бүлөгө көмөктү” 14 миң жаран 1 миң 751 сомдон алышат. Социалдык жөлөк пулду 8 миң 400 адам 6 миң 734 адам алат. Баткенге өзгөчө макам берилгенден кийин башка облустарга караганда бул жерде жарандарга каражат жогору төлөнөт. Электрондук система аркылуу жөлөкпул алган жарандардын кайсы жерде экени аныкталып, акча үзгүлтүккө учурабай берилет. Азыр тактоо иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий