• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында мектептер психиологдун штаттык бирдигин талап кылышууда

Аймак 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептердин директорлору мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу багытында мектептерде психологдун штаттык бирдигин камсыз кылууну талап кылышууда. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышкан мектеп директору арасындагы кеңешмеде белгилүү болду.

Кеңешмеде 2017-жылдын 2-мартында Жалал-Абад шаарындагы №19 орто мектебинин жана №9 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучуларынын ортосундагы мушташуудан улам №9 мектеп-гимназиясынын эки окуучусу жаракат алгандыгы маалым болгон соң вице-мэр Айзат Раматиллаева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, ошондой эле эки мектептин директорлору балдардан кабар алгандан кийин, мектеп директорлору менен эки окуучунун ооруканага түшкөндүгү тууралуу талкуу болду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдиришинче, окуя сабактан кийинки болгон жана №19 мектебинин окуучусу №9 мектеп-гимназиясынын эки окуучусуна жаракат келтирген.

"Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө балдардын абалы туруктуу. Бүгүнкү чукул кеңешме мектептердин окуу-тарбия иштерин уюштурууну, ички көзөмөлдү күчөтүү, окуучулар арасында зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коопсуз жүрүм-турум эрежелерин күчөтүп, кылмыштуулукка барбоо боюнча курч маселе коюлду. Жалпы орто билим берүүчү мектептердин директорлоруна конкреттүү тапшырмалар берилди, ошону менен бирге №19 жана №9 мектептин администрацияларына тиешелүү чаралар көрүлдү", - дейт ал.

Кеңешмеде маалым болгондой, балдардын коопсуздугун сактоо, мындай окуялардын алдын алуу боюнча мектептерге аймактык тескөөчүлөр жана балдар психологу жетишсиз экени айтылды жана андай штаттык бирдик менен камсыз кылуу талабы билдирилди. Мындай талаптар мурда да мектеп директолору тарабынан билдирилип келген.

Пикир

Оставить комментарий